MEGA абоненттери үчүн 90 күндүк акысыз Яндекс Плюс
MEGA улуттук уюлдук байланыш оператору абоненттерине Яндекс Плюс кызматына жагымдуу шарттарда жазылуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет. Жаңы колдонуучулар үчүн атайын сунуш – сервисти сынап көрүү үчүн 90 күн акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Яндекс Плюс — бул күнүмдүк жашоо, эс алуу жана көңүл ачуу үчүн популярдуу санариптик сервистерди айкалыштырган жазылуу.
MEGAдан Яндекс Плюс жазылуусуна эмнелер кирет:
- Яндекс Go — сапарларда көбүрөөк үнөмдөө
«Комфорт» жана «Бизнес» тарифтерине 10% арзандатуу сизге акчаңызды үнөмдөөгө
жана кадимки ыңгайлуулук деңгээлиңизде жол жүрүүгө мүмкүндүк берет.
- Яндекс Музыка — ар кандай маанай үчүн музыка
Сиздин табитиңизге жараша музыканы тандаган акылдуу Менин
толкунум системасы менен миллиондогон тректерге, подкасттарга жана жекелештирилген
сунуштарга жеткиликтүүлүк. Музыканы жарнамасыз
угуу жана аны оффлайн режиминде угуу үчүн жүктөп алуу
мүмкүнчүлүгү.
- Кинопоиск — тасмалар жана телесериалдар
Кинолордун жана телесериалдардын чоң китепканасы ар кандай түзмөктөрдө
жеткиликтүү. Контентти оффлайн режиминде көрүү үчүн жүктөп
алууга болот.
- Яндекс Китептер — окуу үчүн да, угуу үчүн да
ыңгайлуу
Жазылуу электрондук китептерге, аудиокитептерге жана комикстерге жеткиликтүүлүк
берет. Үйдө же жолдо жүргөндө убакытты пайдалуу өткөрүүнү жактыргандар үчүн
эң мыкты чечим.
Кантип кошулуу керек?
MegaPay колдонмосунда же *5550*1# буйруусун терүү аркылуу кошуп алсаңыз болот.
MEGAдан Яндекс Плюс кызматын кошуу менен, абоненттер көңүл ачууга гана эмес, күнүмдүк жашоосунда кошумча артыкчылыктарга да ээ болушат.
MEGA – биз менен ар дайым ыңгайлуу!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР