Автоунааларды кайра каттоо 1-апрелден тарта "Түндүк" аркылуу онлайн жүргүзүлөт
26.02.26 | 09:16
Автоунааларды кайра каттоо 1-апрелден тарта "Түндүк" аркылуу онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Аткаминер Ош шаарына барып, унааларды каттоо борборунун ишин көргөн. Анын айтымында, унааларды алып-сатууну онлайн жүргүзүүгө болот.
Туманбаев ошондой эле мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү жыл соңуна чейин алмаштырууга болорун, бул кызмат да аралыктан жеткиликтүү экенин кошумчалады. Мындан тышкары, документтерди жана номерди үйгө чейин жеткирип берүү кызматы ишке кирет.
Редактор
Редактор
Поделиться: