«Газпром Кыргызстан» «акылдуу» эсептегичтер орнотулган абоненттердин карыздарына пеня эсептебөө боюнча акцияны узартты
«Газпром Кыргызстан» компаниясы «акылдуу» эсептегичтер бар абоненттер үчүн карызды төлөө боюнча акцияны узартты.
Бул 2025-жылдын декабрь айынын аягына карата биллинг системасына маалымат берүүдө чыккан мүчүлүштүктөн улам пайда болгон карыз тууралуу. Ошондо газ керектөөсү боюнча маалымат алынбай калгандыктан, компания 2024-жылдын ушул эле мезгилиндеги орточо же эсептик көлөмдөрдүн негизинде эсеп-дүмүрчөктөрдү чыгарган. Айрым абоненттерде эсептер төмөн же ноль болуп чыккан.
Ошол эле учурда эсептегичтер газдын керектөөсүн так эсептөөнү уланткан. Мүчүлүштүк жоюлгандан кийин, мурда эсепке алынбай калган көлөмдөр эске алынып, абоненттерге жаңы дүмүрчөктөр берилди. Күзүндө керектөөсү төмөн көрсөтүлгөндөр январь айында күтүлгөндөн жогору эсептерди алышты.
Компания мындай кырдаал ыңгайсыздык жаратканын түшүнүп, «акылдуу» эсептегичтер боюнча газды керектөөгө карыздарына пеня эсептебөө акциясын жарыялады. Алгач акция 31-мартта аяктамак, эми май айынын аягына чейин узартылды.
Абоненттерге кандайдыр бир арыз жазуунун кереги жок — акция тиешелүү болгон абоненттер үчүн пеня автоматтык түрдө токтотулган. Эгерде карыз жакынкы айларда төлөнбөсө, 1-июндан тартып пеня кайрадан эсептеле баштайт.
Акциянын узартылышы — абоненттерге карата жасалган кадам жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын кардарга багытталган мамилесинин далили. Компания бул убакыт карызды бара-бара төлөөгө жетиштүү деп эсептеп, керектөөчүлөр өз милдеттенмелерин жоопкерчилик менен аткарат деп ишенет.