Жарнама

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1200 адам алимент төлөөдөн качып жүрөт

26.02.26 | 12:37
Кыргызстанда бүгүнкү күндө 1200 адам алимент төлөөдөн качып жүрөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Республика боюнча бүгүнкү күндө 1200 адам алимент төлөөдөн качып жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы алимент өндүрүү боюнча 60 миң аткаруу баракчасы келип түшкөн.

Депутат Ырысбек Атажанов бул көрсөткүч ажырашкан үй-бүлөлөрдүн санына барабар экенин белгиледи.

"Бул абдан чоң көрсөткүч. Мындайга жол бербөө үчүн ажырашуулардын механизмдерин иштеп чыгышыбыз керек. Өз баласын бакпаган ар бир эркек сыйга татыктуу эмес, биз жазаны катаалдаштырышыбыз зарыл", — деди эл өкүлү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча