Жарнама

Депутат кийим-кече, сумка жана башка товарларды өндүрүүдө кара куурайды колдонууну сунуштады

26.02.26 | 13:55
Депутат кийим-кече, сумка жана башка товарларды өндүрүүдө кара куурайды колдонууну сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев кийим-кече, сумка жана башка товарларды өндүрүүдө техникалык кара куурайды (каннабис) колдонууну сунуштады.

Эл өкүлү кыргызстандык тигүү ишканалары Россияда жакшы таанылганын белгиледи.

"Өндүрүштө Түркия же Кытайдан келген эмес, өзүбүздүн жергиликтүү кездемелер колдонулса жакшы болмок. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Америкада кара куурайдан жасалган кийимдерди, сумкаларды сатып алса болот", — деди.

Өз кезегинде суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары бул багытта Ички иштер министрлиги менен биргелешип иш алып баруу жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин билдирди.

"Ошондой эле техникалык кара куурайды сыноодон өткөрүү боюнча иштерди жүргүзүп, андан соң корутундуну Улуттук илимдер академиясына өткөрүп беребиз. Техникалык кара куурайдан жасалган кездемелерди армияда да колдонсо болот", — деп баса белгиледи министрдин орун басары.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча