Жарнама

Имамидин Ташовдун ишин биринчи инстанцияга кайтарылды

26.02.26 | 16:06
Имамидин Ташовдун ишин биринчи инстанцияга кайтарылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаардык соту ишкер Имамидин Ташовдун ишин биринчи инстанцияга кайтарды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү. Анткени материалдарда айыпталуучунун былтыр 30-декабрдагы апелляциялык даттануусу жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчү жок болгондуктан, жол-жоболоштуруу үчүн иш биринчи инстанцияга кайтарылган.

Аталган даттануу жана өтүнүч Биринчи май райондук сотунун кеңсесине келип түшкөнү менен кылмыш ишинин материалдарына тиркелбей калган.

Эскерте кетсек, 2024-жылы KG Group компаниясынын башчысы Имамидин Ташов бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деген шек менен камакка алынган.

Өткөн жылы Биринчи май райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыраткан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча