Жарнама

Казакстанда тамактануучу жайда жарылуу болуп, 7 адам каза болду

27.02.26 | 09:13
Казакстанда тамактануучу жайда жарылуу болуп, 7 адам каза болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Казакстандын Щучинск шаарындагы кафеде жарылуу болуп, 7 адам каза тапты. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазышты.

Андагы маалыматка караганда, кырсыктан дагы 19 адам жабыркап, алардын көбү ооруканага жаткырылган.

Ал эми жергиликтүү бийлик берген маалымат боюнча, беш кабаттуу үйдүн жанындагы кафеде газ баллон жарылып, андан кийин өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр күйүп жаткан имараттан 8 газ баллонду алып чыгышкан.

Учурда өрт болгон аймакта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өзгөчө кырдаалдар кызматы жана медициналык кызматкерлер иштеп жатышат. Өрттүн келип чыгуу себеби азыркы тапта такталууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча