Жарнама

ЕАЭБ өлкөлөрүндө ири мүйүздүү малдын этин ташууга жеңилдик киргизилди

27.02.26 | 18:19
ЕАЭБ өлкөлөрүндө ири мүйүздүү малдын этин ташууга жеңилдик киргизилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Евразия экономикалык комиссиясы 2026-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттолуучу бодо мал этинин айрым түрлөрүн бажы төлөмүнөн бошотту.

Кеп товарды төмөнкү көлөмдө алып кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу болууда:

Кыргызстан — 5 миң тоннага чейин;

Россия — 100 миң тоннага чейин;

Армения — 7,5 миң тоннага чейин;

Беларусь — 7,5 миң тоннага чейин;

Казакстан — 5 миң тоннага чейин.

"Бул бажы-тарифтик чара этти кайра иштетүү тармагын колдойт, ички рынокко зыян келтирбейт жана мал чарбачылыгындагы инвестициялык долбоорлорго кошумча тобокелдиктерди жаратпайт", — деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Ал белгилегендей, буга чейинки тарифтик жеңилдиктер калк үчүн эт азыктарынын жеткиликтүү кылып, баанын өсүү темпин кармоого жардам берген. Союзга мүчө өлкөлөрдө ири мүйүздүү малдын этинин жетишсиздиги көбүнчө Латын Америкасы жана Индиядан келген эттин эсебинен толукталат.

Чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча