Бир жума ичинде унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 153 айдоочу кармалды
02.03.26 | 11:00
23-февралдан 1-мартка чейин өлкө аймагында 30 миң 952 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу - 3 149;
- Мас абалында унаа башкаруу - 114;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 153;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 966;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 4 819;
- Авто ээнбаштык - 25;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 3 146;
- Жалган мамлекттик номери менен унаа башкаруу - 11;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 15 002;
- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 567 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Редактор
Редактор
Поделиться: