Жарнама

Элчи: Сауд Аравиядагы абал салыштырмалуу туруктуу

02.03.26 | 15:00
Элчи: Сауд Аравиядагы абал салыштырмалуу туруктуу КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Сауд Аравиядагы абал салыштырмалуу туруктуу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып барып жатабыз, - деди Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов.

Анын айтымында, окуя башталгандан тарта өлкө башчысы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан атайын тапшырмалар берилген.

"Учурда ыкчам түрдө Сауд Аравиядагы ар бир жараныбыз менен иш алып барып жатабыз. Бул жакта окуп жаткан студенттер жана зыяратчылар менен туруктуу байланыштабыз. Умрачылар үчүн атайын штаб түзүлүп, муфтият, Дин иштери боюнча улуттук агенттик жана зыяратчыларды ташуу боюнча тандалып алынган умра компаниялары менен биргеликте атайын иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деди элчи.

Мындан тышкары, ал Бахрейндеги Кыргызстандын 35 жараны элчиликке кайрылганын белгиледи.

"Алар менен дагы туруктуу байланышта болуп жатабыз. Абал курчуп кетсе алар боюнча дагы тиешелүү чараларды көрөбүз. Мында коңшу өлкөлөрдө бир топ аэропорттор жабылды. Ал эми Сауд Аравияда аэропорттор салыштырмалуу туруктуу иштеп атат. Ички каттамдарда көйгөй жок, бирок сыртка өздөрүнүн компаниялары гана учуп жатат, ал эми сырттан учуп келген бир топ компаниялардын каттамдары кыскарды", - деди ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча