Жарнама

4-марттан тарта Жидда - Ош каттамы жумасына үч жолу каттап баштайт

03.03.26 | 16:15
4-марттан тарта Жидда - Ош каттамы жумасына үч жолу каттап баштайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Эртең, 4-марттан тарта Сауд Аравиясынан Жидда - Ош каттамы жумасына үч жолу каттап баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов билдирди.

Ал белгилегендей, президенттин жана Тышкы иштер министрлигинин тапшырмаларына ылайык, элчилик Сауд Аравиясынын “Flynas” авиакомпаниясы менен ырааттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

“Бул аракеттердин натыйжасында, 4-марттан баштап Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайрадан жандана турганын билдирем.

Каттамдар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү ишке ашырылат. Бул каттамдар менен биринчи кезекте буга чейин билеттерин алып, бирок уча албай калган жарандар ташылат. Андан кийин кетүүгө өтө муктаж жарандарды да кетирүүгө аракет жасайбыз.

Компаниянын айтуусу боюнча Иран өлкөсү жабык болгондуктан Түркия аркылуу учат жана жолдон кошумча токтой албайт. Жол узактыгына жана күйүүчү майдын көп чыгым болгондугуна байланыштуу жүздөн ашуун гана жүргүнчүнү алып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Ошону менен бирге, Жидда - Бишкек багыты боюнча да каттамдарды калыбына келтирүү маселесин талкуулап жатабыз. Жакынкы күндөрдө жумасына 3 жолу уча баштайт.

Биз ар бир жараныбыздын ыңгайлуулугу жана мекенибизге аман-эсен кайтып баруусу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, -деп билдирди элчи.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча