Жарнама

Депутат баатыр энелердин балдарына окууда жеңилдик берүүнү сунуштады

03.03.26 | 17:04
Депутат баатыр энелердин балдарына окууда жеңилдик берүүнү сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда баатыр энелердин кошкон салымы өтө чоң. Мындай пикирин депутат Медер Чотонов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү азыркы тапта азык-түлүктүн баасы көтөрүлүп, жогорку окуу жайлардагы келишимдик (контракт) окутуунун баасы да өскөнүн белгиледи.

"Биз баатыр энелерге болгон сый-урматты арттырып, аларга колдоо көрсөтүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө 31 миңден ашык баатыр эненин пенсиясына болгону миң сом гана кошулат. Ал эми 75 жашка чейинки жарандар пенсия эмес, 3 миң сом гана жөлөк пул алышат. Үй-бүлө институтун бекемдөө максатында, баатыр энелердин балдарына билим алууда жеңилдиктерди берүүнү сунуштайбыз", - деди ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча