Жарнама

Бүгүн Жиддадан Бишкекке жана Ошко 210 жаран келет

04.03.26 | 14:05
Бүгүн Жиддадан Бишкекке жана Ошко 210 жаран келет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн Жиддадан Бишкек менен Ошко 210 жаран келет.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 4-мартта жарандарды Мекенге кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Жидда – Бишкек жана Жидда – Ош багыттары боюнча эки репатриациялык авиакаттам аткарылат.

Жидда – Бишкек багыты боюнча каттам менен 90 жаран, ал эми Жидда – Ош багыты боюнча 120 жаран жеткирилери күтүлүүдө.

"Учурда эки учак тең жолдо келе жатат жана алдын ала маалыматтар боюнча болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек жана Ош шаарларына келип конот", - деп белгилешти ТИМден.

Жетишилген макулдашууларга ылайык, аталган багыттар боюнча каттамдар туруктуу негизде жумасына үч жолу аткарылат: Бишкек шаарына — шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү; Ош шаарына — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү.

Кыргызстандын жарандарын коопсуз кайтарууну камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча