Депутат баласынын тарбиясына катышпаган жана алимент төлөбөгөн ата-эненин макулдугу жок эле чет өлкөгө алып чыгууга уруксат берүүнү сунуштады
Депутат баласынын тарбиясына катышпаган жана алимент төлөбөгөн ата-эненин макулдугу жок эле чет өлкөгө алып чыгууга уруксат берүүнү сунуштады.
Дастан Бекешевдин айтымында, кээ бир ата-эне өз укуктарын кыянаттык менен пайдаланууга аракет кылган учурлар бар.
"Кээ бир ата-эне макулдугу үчүн акча талап кылган да фактысы бар. Мага Европада жашаган бир аял кайрылды. Ал 7 жылдан бери Кыргызстанга келе албай жатат, анткени анын мурунку күйөөсү келсе, кайра өлкөдөн чыгууга макулдугумду бербейм деп коркуткан. Андан сырткары, ал “үй сатып бер, же чоң суммада акча төлө” деп талап кылууда. Мындай көрүнүшкө жол бербеш керек, мындай окуялар катталышы керек. Ушинтип укуктарын кыянаттык менен пайдаланган ата-энелерди укуктарынан ажыратуу керек", - деди ал парламентте.