Жарнама

Орунбеков жарандарды таза сууну үнөмдөөгө чакырды

05.03.26 | 15:25
Орунбеков жарандарды таза сууну үнөмдөөгө чакырды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков таза сууга болгон төлөмдүн тарифин жогорулатуу сунушун айтып чыгып, айрымдар тарабынан сынга кабылып жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал депутат туура маселени көтөрүп жатканын белгиледи.

"Туугандар, чынында эле таза сууну эбегейсиз ысырап менен пайдаланабыз, мойнубузга алалы. Себеби, баасы ит бекер. Бети-колун жууп жатканда сууну агызып коюп, күзгүнү тиктеп тура бергендерди канча көрөм? Сиздер деле күндө байкасаңыздар керек. Сакал алып жаткан кезде эч ким сууну жаап койбойт, бул күн сайын ар бир үйдө кезигүүчү ысырапчылык.

Иче турган таза суу менен огород суугарып, чарба иштерине пайдалангандар четтен чыгат. Ал эми дүйнөдө тамчы сууга зар болгон өлкөлөр бар. Суу маселеси келечекте глобалдык көйгөйлөрдүн бирине айланат, жакшы билесиздер", - деди ал.

Ошондой эле Орунбеков учурдагы ар бир үйгө жетүүчү таза суунун тейлөөсүнүн чыгымдары өзүн актабай турганын кошумчалады.

"Ошондуктан, тариф маселесин көтөргөн эл өкүлүн сындагандан алдын, ар бирибиз сууну сарамжалдуу пайдаланууну үйрөнөлү. Аталарыбыз деле "суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор" деп насаатын айтып кеткен", - деди ал.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча