ӨКМ вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыгып кеткен деген маалыматка комментарий берди
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыгып кеткен деген маалыматка комментарий берди.
Биздин порталга министрликтин басма сөз кызматынан билдиргендей, тик учакты пайдалануу келишими түзүлүп, ижара акысы төлөнгөн. Бирок буйрутма бергендер Даниэл Ажиев эмес, башка адамдар болгон.
"Тик учакты пайдаланууда ичинде ким болгонун айта албайбыз. Айтылган дарекке учуп барганда бөлөк адам отурган. Ал Бишкекке алынып келинген", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле маалыматта министрликтин жетекчилиги тарабынан бул маселеге байланыштуу иликтөө жүргүзүү тапшырмасы берилип, тиешелүү кызматкерлерге чара колдонулганы жана мындан ары мындай иш аракеттерди болтурбоо боюнча эскертүүлөр берилгени кошумчаланды.