"Ош" аэропортунда 1 млн сомдук алтын буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракети аныкталды
05.03.26 | 15:36
Ош эл аралык аэропортунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын буюмдарды мыйзамсыз алып кирүү аракети аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө өлкөгө тиешелүү коштомо документтери жок, жалпы баасы 1 миллион сомдон ашкан алтын буюмдарын (шакек, сөйкө жана чынжырлар) алып кирүү аракети аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратуранын органдарына жөнөтүлдү.
Редактор
Редактор
Поделиться: