Жарнама

Жалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга эркинен ажыратылды

06.03.26 | 10:38
Жалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга эркинен ажыратылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жалал-Абад облусунда алимент төлөөдөн качкан жаран соттун чечими менен 2 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаран Т.Ш.А. 2018-жылдан бери кирешесинин жарымын алимент катары төлөөгө милдеттендирилген. Бирок ал бул милдетин аткарбай, 2025-жылдын март айына карата карызы 700 миң сомго жеткен. Буга байланыштуу сот аткаруучулар тиешелүү материалдарды ички иштер органдарына өткөрүп беришкен.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык соту карызкорго карата пробациялык көзөмөл колдонуу чечимин чыгарган. Бирок Жалал-Абад облустук соту 2026-жылдын 26-февралындагы чечими менен мурунку өкүмдү өзгөртүп, айыпталуучуну сот залынан дароо камакка алуу менен 2 жылга эркинен ажыратты.

Сот аткаруучулар кызматы алимент төлөөдөн качкандарга карата мыйзам чегиндеги катаал чаралар мындан ары да ырааттуу колдонуларын эскертет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча