Жогорку Кеңешке антикинотеатрларды жабуу боюнча кайрылуу жөнөтүлдү
06.03.26 | 15:39
Бишкек шаарынын милициясы Жогорку Кенешке антикинотеатрларды жабуу боюнча кайрылуу жөнөтүлгөнүн билдирди.
Борбор калаанын милициясы антикинотеатрларда жашыруун притондорду уюштурууга жана башка мыйзамсыз иштерге шарт түзүлгөн фактылар аныкталганын белгиледи.
"Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңешине тиешелүү кайрылуу жолдонуп, өсүп келе жаткан муунга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон мындай мекемелердин ишин чектөө же жабуу маселесин кароону сунуштаганбыз", - деп айтылат маалыматта.
Редактор
Редактор
Поделиться: