Жарнама

Бишкекте окуучу бала терракт уюштурууга шектелип кармалды

10.03.26 | 09:16
Бишкекте окуучу бала терракт уюштурууга шектелип кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте окуучу бала терракт уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал мугалимдерге жана башка окуучуларга кол салуу жөнүндө изилдеп жүргөн. Бул тууралуу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргеликте террорго каршы жүргүзүлгөн иштердин алкагында билинген.

“Аталган факты боюнча “Террордук акт жасоо коркунучу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал иликтенүүдө”, — деп айтылат кабарда.

Атайын кызмат ата-энелерди жана мугалимдерди балдар менен көбүрөөк сүйлөшүүгө жана алардын интернетте эмнеге кызыгып жатканын көзөмөлдөөгө чакырды. Мекеме акыркы убакта өспүрүмдөр арасында радикалдашуу учурлары көп катталып жатканын белгилеген.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча