Жарнама

Кыргызстанда "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган үй-бүлөлөрдүн саны айтылды

10.03.26 | 15:50
Кыргызстанда "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган үй-бүлөлөрдүн саны айтылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстанда "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган үй-бүлөлөрдүн саны 43 миң 111ди түзөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов "Биринчи радиого" маек бергенде айтты.

"Үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулу 16 жашка чейин берилет. Бүгүнкү күндө жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдүн саны 43 миң 111. Ал эми жөлөк пул алган балдардын саны 157 миң 242. Алар 1200 сомдон жөлөк пул алышат", - деди орун басар.

Маалымат үчүн: Жөлөкпулдун бул түрү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына үй-бүлө оор турмуштук кырдаалдан чыкканга чейин убактылуу колдоо көрсөтүү үчүн мамлекет тарабынан берилет. Бүгүнкү күнү “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулунун өлчөмү ар бир балага 1 200 сомду түзөт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча