Жарнама

Россиядагы мигранттар Кыргызстанга 3.23 млрд доллар которгон

10.03.26 | 18:06
Россиядагы мигранттар Кыргызстанга 3.23 млрд доллар которгон КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

2025-жылы Россиядан Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү кыйла өстү. Статистикалык маалыматка ылайык, жеке жактар Россиядан Кыргызстанга 3.23 млрд доллар которгон. Ал эми бул көрсөткүч 2024-жылы 2.78 млрд долларды түзгөн.

Натыйжада бир жыл ичинде акча которууладын көлөмү 448 млн долларга, же дээрлик 16%га көбөйгөн.

Россия Кыргызстан үчүн мурдагыдай эле акча которуулардын негизги булагы бойдон калууда. Жалпысынан 2025-жылы КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга 3.29 млрд доллар акча которулган.

Жалпы жыйынтык боюнча, 2025-жылы Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан акча которуулардын көлөмү 3.49 млрд долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылы 2.99 млрд доллар болгон.

Акча которуулардын өсүшү көбүнчө эмгек мигранттарынын кирешелеринин көбөйүшү менен байланыштуу. Кыргызстан экономикасы үчүн мындай каражаттар ички керектөө суроо-талабын колдоочу негизги булактардын бири бойдон калууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча