Жарнама

Садыр Жапаров: Экономика өскөн сайын айлык, пенсия жана жөлөк пулдар көбөйө берет

11.03.26 | 12:03
Садыр Жапаров: Экономика өскөн сайын айлык, пенсия жана жөлөк пулдар көбөйө берет КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бюджеттин мүмкүнчүлүгү кеңейген сайын Кыргызстанда 16 жашка чейинки балдарга, үй-бүлөсүнүн кирешесине карабастан, жөлөк пул берүү пландаштырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, учурда өлкө экономикасынын өсүшү менен катар социалдык төлөмдөрдү көбөйтүү иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

"Экономика өскөн сайын айлык маяна, пенсия жана жөлөк пулдарды көбөйтүүгө аракет кылып жатабыз. Келечекте бюджетибиз көбөйгөн сайын 16 жашка чейинки балдарга бай-кедейине карабай, баарына бирдей жөлөк пул берүүгө аракет кылабыз", — деди Садыр Жапаров.

Президент кошумчалагандай, мамлекеттин социалдык саясаты калктын аялуу катмарын колдоого жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча