Жарнама

Президент ата мекендик өндүрүшкө басым жасоого чакырды

11.03.26 | 12:53
Президент ата мекендик өндүрүшкө басым жасоого чакырды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып депутаттарды, министрликтерди жана куруучуларды ата мекендик өндүрүшкө басым жасоого чакырды.

"Биз мүмкүн болушунча импортту азайтып, импорт менен экспорттун тең салмактуулугун камсыз кылышыбыз керек. Мурда 30 пайыз экспорттоп, 70 пайыз импорттосок, азыр импорттун көлөмү 60 пайызга чейин азайды. Мисалы, жакында Кара-Балта шаарында балык жемин чыгаруучу завод ишке кирди. Балык өстүрүүчүлөр тоютту ошол жерден алышса болот. Ал жерде өндүрүлгөн тоют Европа өлкөлөрүнүкүнөн кем калышпаган сапатта чыгарылууда.

Ошондой эле буга чейин курулуш материалдарын башка мамлекеттерден алып келчүбүз. Азыр бир катар курулуш материалдарын өзүбүз чыгарып, атүгүл экспорттой баштадык", — деди өлкө башчысы.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча