Жарнама

Жакынкы Чыгыштан 3000дей кыргызстандык кайтып келди

12.03.26 | 09:14
Жакынкы Чыгыштан 3000дей кыргызстандык кайтып келди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жакынкы Чыгыштан үч миңдей кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Сейтек Жумакадыр уулу брифингде билдирди.

Анын айтымында, БАЭден 300, Катардан 166 жаран мамлекет уюштурган каттамдар менен Кыргызстанга учуп келген. Ал эми калгандары өз каражатына жана туристтик компаниялар менен түзүлгөн келишимдин негизинде өлкөгө келишүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жалпысынан 22 миңдей кыргызстандык бар экени айтылган. Жакынкы күндөрү калган мекендештердин келиши күтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, февралдын соңунан тарта Жакынкы Чыгышта абал курчуп, өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясы, Оман, БАЭ менен эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча