Жарнама

Виза боюнча алдамчылыкка шектүү аял кармалды

12.03.26 | 17:15
Виза боюнча алдамчылыкка шектүү аял кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында виза боюнча алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу 12-мартта облусттун милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Т.З. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылды. Ал 5-февралда белгисиз жаран Германияга виза жасатып берүү шылтоосу менен интернет аркылуу паспорттук маалыматтарын алганын, кийинчерээк арыз ээсинин атына мобилдик банкинг кызматын колдонуп, жалпы 100 миң сом өлчөмүндө онлайн кредит алынганын билдирди.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун К.Х. аттуу тургунунун банктык эсебине которулгандыгы аныкталып, кармалды. Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча