Жарнама

Сузакта алимент төлөбөгөн жаран бир жылга эркинен ажыратылды

13.03.26 | 15:30
Сузакта алимент төлөбөгөн жаран бир жылга эркинен ажыратылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Сузак районунда алимент төлөөдөн узак убакыт бою баш тартып келген жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти.

Сузак райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө А.Л.А. аттуу жарандан бир баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу иш каралып жаткан. Бирок карызкор алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тартып келгендиктен, сот аткаруучу тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

2026-жылдын 11-мартында Сузак райондук соту бул ишти карап чыгып, жаран А.Л.А.ны күнөөлүү деп таап, 1 жылга эркиндигинен ажыратты.

Бул чечим алимент төлөөдөн качкан башка жарандар үчүн мыйзам алдындагы жоопкерчиликтин катуу экенин эскертет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча