Жарнама

Шайырбек Ташиев шайлоочуларына кайрылуу жасады

15.03.26 | 14:57
Шайырбек Ташиев шайлоочуларына кайрылуу жасады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Шайырбек Ташиев мандатын тапшырган соң шайлоочуларына жана жердештерине кайрылуу жасады.

Ал саясий стабилдүүлүк, тынчтык үчүн бул кадамга аргасыз барганын белгиледи.

"Сиздер мага ишенип берген мандатымды тапшырдым. Сиздердин ишеничиңиздерди актаганга аракет кылдым. Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бирок ар бир кадамымды мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин ишенимин эске алуу менен кабыл алып келгем. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй-бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду. Мен үчүн эң башкысы — сиздердин ишеним. Сиздер мага көрсөткөн колдоону жана ишенимди ар дайым жогору баалайм. Саясий кызматта болобу же башка тармакта болобу, мен ар дайым өз өлкөмө жана элиме кызмат кылууну улантам", - деп белгиледи Ташиев.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча