Жарнама

Жолго чыгып тилемчилик кылгандарды камакка алуу сунушталууда

17.03.26 | 16:20
Жолго чыгып тилемчилик кылгандарды камакка алуу сунушталууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети жолго чыгып тилемчилик кылгандар үчүн жаза киргизе турган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. 

Мыйзам долбооруна ылайык, жолго чыгып же көчөдө элди тажатып тилемчилик кылгандар 20 сааттан 30 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат же үч күнгө чейин камакка алынат. 

Аталган жазалардын бирин алгандан кийин жаран бир ай ичинде кайра кармалса, 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылат же үч күндөн беш күнгө чейин камакка алынат. Тилемчилик кылганы үчүн кайра кармалган адам чет элдик жаран болсо, ал өлкөдөн чыгарылат.

Ошондой эле кары адамдарды, боюнда бар аялдарды, психикалык оорусу бар же майыптыгы бар адамды тилемчилик кылууга тарткандарга 20 миң сом айып салынат. Эгер жаза алгандан кийин бул жосун кайталанып, кармалган киши чет элдик болуп чыкса, ал өлкөдөн чыгарылат. 

Белгилей кетсек, бул мыйзам долбоору бардык тилемчилик кылгандарга тиешелүү эмес. Унаа жүргөн жолго чыгып алып, көчөдө же башка эл көп жүргөн жерлерде кишилерге жабышып, тажатып тилемчилик кылгандарга тиешелүү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча