Жарнама

Депутат баатыр энелер үчүн мамлекеттик санаторий түзүүнү сунуштады

18.03.26 | 11:37
Депутат баатыр энелер үчүн мамлекеттик санаторий түзүүнү сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Баатырова баатыр энелер үчүн мамлекеттик санаторий түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу пикирин эл өкүлү парламенттин 18-марттагы жыйынында айтты.

Айтымында, азыркы учурда республика боюнча 37 миңге чукул баатыр энелер бар.

"Баатыр энелердин басымдуу бөлүгү орто жана улгайган курактагы жарандар болуп эсептелинет. Алардын көп жылдык эмгеги, төрөт жана үй-бүлөлүк жүктөм ден соолуктарына өтө олуттуу таасир тийгизип жатат. Буга байланыштуу көп кайрылуулар болууда.

Бул категориядагы жарандар үчүн атайын санаторий-курорттук дарылануу эс алуу мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз болууда. Мындан улам баатыр энелер үчүн көлдүн жээгинен болобу же башка аймакка мамлекеттик санаторий түзүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн карап берүүнү суранып жатышат", - деди депутат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча