Жарнама

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн жанында дрифт уюштурган өспүрүм аныкталды

19.03.26 | 10:42
Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн жанында дрифт уюштурган өспүрүм аныкталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкекте коомдук тартипти одоно бузуп, көп кабаттуу үйлөрдүн жанында автохулигандык аракеттерди жасаган өспүрүм аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, окуя 27-февралда таңкы саат 06:30 чамасында болгон. Анда BMW үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу дрифт уюштуруп, жарандардын тынчтыгын бузган.

Издөө иштеринин натыйжасында, транспорт каражаты жана айдоочунун өздүгү аныкталды. Ал өспүрүм болуп чыгып, унааны чоңдордун көзөмөлүсүз башкарган.

Учурда автоунаа айып короосуна токтотулуп, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча