Жарнама

Жалал-Абадда мыйзамсыз курулуп жаткан соода борбордун курулушу токтотулду

19.03.26 | 16:45
Жалал-Абадда мыйзамсыз курулуп жаткан соода борбордун курулушу токтотулду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз курулуп жаткан соода борбордун курулушу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объекттерине пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, курулуш ченемдеринин сакталышы жана объекттердин мыйзамдуулугу каралган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Манас шаарындагы Б. Аттокуров көчөсүндө жайгашкан үч кабаттуу соода борборунун курулушу тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Мындан улам курулуш-монтаждоо иштери толугу менен токтотулуп, объекттин курулуш аянты мөөр басылып жабылды.

Ошондой эле “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык, буйрутмачы А. Исмаиловго айып пул салынды. Мындан тышкары мыйзам бузууларды жоюу максатында жазуу түрүндө эскертүү берилип, долбоордук документтерге мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алуу жана объектти тиешелүү тартипте реестрге каттоо талабы коюлду.

Буга чейин башкармалык курулуш иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн эскерткен.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча