Жарнама

Араванда көмүскө казино аныкталып, жергиликтүү депутат кармалды

23.03.26 | 17:10
Араванда көмүскө казино аныкталып, жергиликтүү депутат кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Араван районунда айылдык кеңештин депутаты тарабынан уюштурулган мыйзамсыз кумар ойноочу жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х. Ш. жана анын ишенимдүү адамы С. Ш. тарабынан мыйзамсыз жүргүзүлүп келген кумар ойноочу жайга бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, аталган жарандар Жар-Кыштак айылында тиешелүү уруксат кагаздарын албастан жана мамлекеттик бюджетке салык төлөбөстөн, көмүскө кумар ойноочу жай уюштурган.

Аталган жайды тинтүү учурунда интернет-казинолорго кирүү үчүн колдонулган 11 компьютер, 400 миң сом жана кумар оюндарын уюштурууда пайдаланылган башка буюмдар табылган.

Топтолгон материалдардын негизинде Х. Ш. жана С. Ш. "Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу" беренеси боюнча айыпталып, тергөө абагына камакка алынды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча