Жарнама

Ошто мектептердин жанында зыяндуу азыктарды сатууга тыюу салынууда

23.03.26 | 20:37
Ошто мектептердин жанында зыяндуу азыктарды сатууга тыюу салынууда КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош шаарында мектептердин айланасында жайгашкан соода объекттеринде зыяндуу тамак-аштарды сатууга тыюу салуу боюнча рейддер башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептерден 100 метр радиуста жайгашкан дүкөндөр текшерилип, Санитардык-эпидемиологиялык кызмат тарабынан зыяндуу деп табылган азыктар сатуудан алынып салынды.

Бул иш-чаралар окуучулардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө. Ошондой эле соода түйүндөрүнүн ээлерине талаптарды сактоо боюнча алдын ала эскертүүлөр берилгени белгиленди.

Иш-чаралар шаар бийлиги тарабынан көзөмөлгө алынып, мындан ары да улантылары күтүлүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча