Жарнама

Россияда аскердик кызмат өтөгөн чет өлкөлүктөр күч менен чыгарылбайт

24.03.26 | 12:06
Россияда аскердик кызмат өтөгөн чет өлкөлүктөр күч менен чыгарылбайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Россиянын президенти Владимир Путин Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул мыйзам чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды, эгерде алар келишим боюнча аскердик кызмат өтөсө, өлкөдөн чыгарууга тыюу салат.

Мыйзамга ылайык, Россиянын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн чет элдик укук бузса, 100 сааттан 200 саатка чейин жумушка тартылат же айып пулга жыгылат.

Ошондой эле расмий спорттук мелдештерде жүрүм-турум эрежелерин бузса, бир жылдан жети жылга чейин спорттук иш-чараларга катышууга тыюу салынышы мүмкүн.

Март айынын башында Владимир Путин аскердик кызмат кызмат өтөп жаткан же өтөгөн чет элдиктерди чет өлкөгө өткөрүп берүүгө тыюу салган мыйзамга кол койгон.

Чет элдиктер 2022-жылдын ноябрь айында Россиянын армиясында кызмат өтөө үчүн келишим түзүүгө, ал эми жарандыгы жок адамдар өткөн жылдын июль айында ушундай келишим түзүүгө укук алышкан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча