Жарнама

Кыргызстан былтыр Россияга 4 546 тонна сабиз экспорттоду

24.03.26 | 12:12
Кыргызстан былтыр Россияга 4 546 тонна сабиз экспорттоду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Кыргызстандан сабиздин алгачкы партиясы Россияга экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Салмагы 20,7 тоннаны түзгөн жүк Пермь крайында ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөн өтүп, сатууга уруксат алды.

Маалыматка ылайык, продукция тиешелүү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, фитосанитардык талаптарга жооп бергени аныкталды. Коштоочу документтер да текшерилип, товарда карантиндик организмдер жок экени тастыкталды.

Кыргызстандын сабиз экспорту акыркы жылдары туруктуу өсүүдө. 2025-жылдагы негизги экспорттук багыттар төмөнкүдөй болду: Россия — 4 546 тонна, Өзбекстан — 2 610 тонна, Тажикстан — 849 тонна, Монголия — 353 тонна, Казакстан — 38 тонна жана Армения — 8 тонна.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, сабиз өлкө үчүн маанилүү экспорттук продукциялардын бири бойдон калууда жана анын тышкы рынокко чыгышы жылдан-жылга кеңейүүдө.

Бардык экспорттук жүктөр фитосанитардык талаптарга ылайык коштоочу документтер менен камсыздалып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөнөт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча