Жарнама

Соцтармактагы видеодон кийин айдоочу кармалды

25.03.26 | 07:46
Соцтармактагы видеодон кийин айдоочу кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Социалдык тармактарда айдоочу транспорт каражатын 200 чакырым сааттан ашык ылдамдыкта башкарып бара жаткандыгы жана милиция кызматкерлерине карата адепсиз сөздөрдү колдонгон видеолор тарады.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада айдоочу аныкталып кармалды.

"Анын автоунаасы айып короо жайына киргизилип, өзү андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Айдоочуга карата укук бузуу боюнча протокол түзүлдү", - деп жазылган маалыматта.

Кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларын эрежелерди так сактоого жана милиция кызматкерлерине урмат менен мамиле кылууга чакырды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча