Жарнама

1-апрелден тарта автоунааларды каттоо онлайн гана жүргүзүлөт

25.03.26 | 13:28
1-апрелден тарта автоунааларды каттоо онлайн гана жүргүзүлөт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

1-апрелден тарта автоунааларды каттоо онлайн форматта гана жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу Унааларды каттоо борбору билдирди. 

Мекеме белгилегендей, жарандар унааларын мамлекеттик мекемелерге барбастан, «Түндүк» тиркемеси аркылуу каттай алышат. Арыз берүү жана каттоо процесси толугу менен ушул тиркеме аркылуу жүргүзүлөт.

Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн гана аталган мекеменин бөлүмдөрүндө бир нече атайын терезе иштеп, кызматкерлер онлайн каттоого жардам көрсөтүшөт.

“Жаңы тартип жарандарга мекемеге барып кезек күтпөстөн, документ чогултпай жана жол киреге кошумча чыгым тартпай эле унааны каттоого мүмкүнчүлүк берет. Бардык маалыматтар мамлекеттик базалар аркылуу автоматтык түрдө текшерилет, каттоо процесси жөнөкөйлөтүлүп, убакыт үнөмдөлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Жарандар даяр болгон документти мекемеге барып алып кетсе болот же жеткирип берүү кызматын пайдаланып, документтерди алдыртып алса болот.

Алгачкы каттоо (жаңы алып келинген автоунаалар)

Буга чейин жаңы алып келинген унааларды каттоо үчүн жарандар бажыга, лабораторияга жана башка мекемелерге өздөрү барып, текшерүүдөн өткөрүп, көп убакыт коротуп келген. Эми бул процесс системалаштырылды. Унаа бажыдан өткөндө маалыматтар дароо электрондук базага киргизилет. Мамлекеттик лабораториялар техникалык жана коопсуздук текшерүүлөрүн өздөрү жүргүзүп, жыйынтыгын система аркылуу санарип форматта киргизет. Жаран “Түндүк” тиркемеси аркылуу арыз берет, система маалыматтарды автоматтык текшерип, унааны каттоодон өткөрөт. Каттоо аяктагандан кийин жаранга билдирүү жөнөтүлөт.

Кайра каттоо (өлкө ичиндеги автоунаалар)

Өлкө ичиндеги автоунааларды кайра каттоо онлайн тартипте буга чейин эле иштеп келген. Жаран “Түндүк” тиркемеси аркылуу арыз берет, унаа тууралуу маалыматтар мамлекеттик базалардан алынат. Кошумча техникалык кароо талап кылынбайт. Система маалыматтарды текшерип, унааны жаңы ээсине онлайн каттайт. Каттоо аяктагандан кийин жаранга билдирүү жөнөтүлөт.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча