Жарнама

УКМК «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын башкы директорун кармады

25.03.26 | 19:19
УКМК «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын башкы директорун кармады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн «Оргтехстрой» ААКтын башкы директору И.К.М. кармалды, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы 25-мартта.

Расмий маалымат боюнча, иш өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жатат. 

«1968-жылы туулган И.К.М. компаниядагы негизги акционерлердин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп инвесторлорду атайын алдаган. Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каражат жетишсиз экенин билип, ал компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүү менен инвестиция алган. Бирок бул активдер буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткен», - деп билдирди УКМК.

Шектүү 24-мартта убактылуу камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча