ЖК төрагасы Москвада мигрант балдардын мектепке кирүүдөгү сынагын жеңилдетүүнү сунуштады
Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев жетектеген парламенттик делегация Орусияга расмий сапар менен барды. Москвада алар мигранттардын балдары үчүн мектепке кабыл алуудагы тестирлөө шарттары менен таанышып, аны жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгилешти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Төрага билим алуу жеткиликтүү жана адилеттүү болушу керектигин баса белгилеп, тесттер башка тил чөйрөсүнөн келген балдарга ылайык түзүлүшү керектигин айтты. Ошондой эле делегация кыргыз диаспорасы менен жолугуп, мекендештердин көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү жолдорун ортого салышты.
Сапардын алкагында Марлен Маматалиев Орусиянын жогорку жетекчилиги, анын ичинде Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуусу күтүлүүдө.