Жарнама

ЖК төрагасы Москвада мигрант балдардын мектепке кирүүдөгү сынагын жеңилдетүүнү сунуштады

26.03.26 | 09:37
ЖК төрагасы Москвада мигрант балдардын мектепке кирүүдөгү сынагын жеңилдетүүнү сунуштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев жетектеген парламенттик делегация Орусияга расмий сапар менен барды. Москвада алар мигранттардын балдары үчүн мектепке кабыл алуудагы тестирлөө шарттары менен таанышып, аны жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгилешти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага билим алуу жеткиликтүү жана адилеттүү болушу керектигин баса белгилеп, тесттер башка тил чөйрөсүнөн келген балдарга ылайык түзүлүшү керектигин айтты. Ошондой эле делегация кыргыз диаспорасы менен жолугуп, мекендештердин көйгөйлөрүн угуп, аларды чечүү жолдорун ортого салышты.

Сапардын алкагында Марлен Маматалиев Орусиянын жогорку жетекчилиги, анын ичинде Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча