Былтыр Кыргызстанга чет жактан 2 млн 867.2 млн сомго банан импорттолгон
26.03.26 | 16:41
Былтыр Кыргызстанга чет жактан 2 млн 867.2 млн сомго банан импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Былтыр өлкөгө 40 миң 372.5 тонна банан ташып келинген. Алардын көбү же дээрлик 32 миң тоннасы Эквадордон келген. Дагы 5.1 миң тонна – Кытайдан, 2.2 миң тоннадайы – Россиядан импорттолгон.
Ошондой эле банан Кыргызстанга Индия (312.3 тонна), Казакстан (338.8 тонна), Колумбия (376.6 тонна), Корея (23.5 тонна) жана Өзбекстандан (14.7 тонна) сатып алынган.
Редактор
Редактор
Поделиться: