Жарнама

Президенттин администрациясы Абдыкеримовдун кайрылуусун териштире баштады

30.03.26 | 15:06
Президенттин администрациясы Абдыкеримовдун кайрылуусун териштире баштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык кайрылуусун териштирип баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

“Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу Президенттик администрация кабардар.
Азыркы учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат жазуу жүзүндө берген жообунда.

Акыркы жылдары Лондондо жашап жаткан Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору – “Аю Гранд Комфорт” жана “Томми молл” боюнча кайрылуу жасаган жасаган. Ал бул объект төмөн баада - үч-төрт бөлмөлүү батирдин наркында бааланып, жыйынтыгында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы адамдарга өтүп кеткенин жазган.

Ушундан кийин УКМКнын мурдагы төрагасынын уулу Таймурас Ташиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке каккан. Таймурас Ташиев Абдыкеримовдун президентке кайрылуусун “биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы” деп сыпаттаган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча