Жарнама

Токмокто Көлбаевдин адамдарына таандык курал-жарак сактоочу жай табылды

31.03.26 | 08:35
Токмокто Көлбаевдин адамдарына таандык курал-жарак сактоочу жай табылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Токмок шаарында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жайдан 2 кесилген мылтык, 2 мина, 1 өзүн-өзү жардыруучу түзүлүш, 1 граната, тротил, 1 бет кап, 2 бычак, 3 жандыргыч жана ар кандай калибрдеги патрондор чыккан. Куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, алардын мурда жасалган кылмыштарда колдонулган-колдонулбагандыгын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

"Курал-жарак өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн, анын ичинде өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн арналгандыгын жокко чыгарууга болбойт", - деп айтылат маалыматта.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча