Жарнама

Бир катар мэр-аким, орун басарлар алмашты

31.03.26 | 13:01
Бир катар мэр-аким, орун басарлар алмашты КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык бүгүн, 31-мартта бир нече шаардын мэрлери алмашып, райондук администрация башчылыгына жаңы адамдар дайындалды. Ошондой эле Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын башчыларынын орун басарлары алмашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык ылайык, Ала-Бука районунун акими Руслан Айтбаев иштен алынып, анын ордуна Темирболот Абыкеев жаңы аким болду.

Майлы-Суу шаарынын мэри Алтынбек Жумаевдин ордуна Алмаз Байгазиев келди.

Базар-Коргон районунун акими Талантбек Эдилов иштен алынып, анын ордуна Алтынбек Бектуров дайындалды.

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Бакытбек Кошалиев иш ордун Эдилбек Тажимырзаевге өткөрүп бермей болду.

Нуртилек Орозбаев Кара-Көл шаарынын мэри кызматынан бошотулду.

Жылдызбек Беккелдиев Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды, мурунку мэр Жайнак Немат уулу иштен бошотулду.

Москва районунун жаңы акими болуп Илияз Ташбаев дайындалды, мурунку аким Ниязбек Козуев президенттин тескемеси менен иштен алынды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча