Бишкектеги түнкү интернет-клубдардын биринде баңги заттарды колдонуу фактысы аныкталды (видео)
Бишкек шаарынын ИИББнын Баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы борбор калаада сутка бою иштеген түнкү интернет-клубдарда алдын алуу иш-чараларды өткөрдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө интернет-клубдардын биринен баңги заттын таасири алдында болгон жаран аныкталды. Окуя болгон жерден баңги заттарды колдонууга ылайыкташтырылган желим бөтөлкө («бульбулятор») табылган.
Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБнын маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.
Жарандын өздүгү аныкталып — ал 2007-жылы туулган А.А. болуп чыкты. Ага карата медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында гашиш колдонгону аныкталган.
Аталган жаран мындан аркы териштирүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБна жеткирилди.