Депутат "Арашан" койлорду экспорттоого уруксат берүүнү суранды
01.04.26 | 10:25
Депутат Улукбек Карыбек улуу асыл тукум "Арашан" койлорду экспорттоого уруксат берүүнү суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Ал учурда өлкөдө мал-жандыкты чет жакка экспортоого убактылуу тыюу салуу бар экенин, бирок ар бир ишкер, өндүрүшчү өз өнүмүн экспортко чыгарууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондуктан "Арашан" койлорун эт багытында эмес, бренд багытында потенциалын көтөрүүгө шарт түзүү керектигин айтты. Муну "Арашанды" баккан ишкерлер да өздөрү суранышууда.
Улукбек Карыбек уулунун айтымында, экспортко уруксат берилсе, ишкерлер асыл тукум койлордун бир башына 500 долларга чейин казына акча төлөөгө даяр экенин билдиришкен.
Редактор
Редактор
Поделиться: