Жарнама

ЖКнын мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов кармалды

01.04.26 | 12:20
ЖКнын мурдагы депутаты Кундузбек Сулайманов кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөө иш-чараларынын натыйжасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«С.К.К. кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, жеке компаниянын кызыкчылыктарына колдоо көрсөтүүнү уюштурган. Буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан «Нарын ГЭСи» ААК жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган», - дейт УКМК.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча