Жарнама

УКМК 19 медресени текшерип, үчөө жабылды

01.04.26 | 15:34
УКМК 19 медресени текшерип, үчөө жабылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Радикалдуу идеялардын жайылышына, жашы жете элек балдарды азгырууга жана ченемдик укук бузууларга жол бербөө максатында 19 диний окуу жайы текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу 1-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйынтыгында зарыл болгон уруксат кагаздары жок болгондуктан 3 медресе жабылды. Аталган окуу жайлардын жетекчилерине карата тергөө иштери башталды.

Ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузгандыгы үчүн 2 медресеге айып пул салынып, иши убактылуу токтотулду. 4 медресеге кемчиликтерди жоюу зарылчылыгы жөнүндө эскертүү берилди.

Расмий маалымат боюнча, айрым медреселердеги диний адабияттар тийиштүү текшерүүдөн өткөн эмес. Буга байланыштуу алар Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан текшерүүгө жана ырастоого жөнөтүлдү.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча