Жарнама

Ысык-Көлдө Су-25 учагынан машыгуу учурда эки ок-дары ээн талаага түшкөн

02.04.26 | 08:30
Ысык-Көлдө Су-25 учагынан машыгуу учурда эки ок-дары ээн талаага түшкөн КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылынын жогорку бөлүгүнүн талаасына окуу-машыгуу учурунда Су-25 учагынан ок-дарылар түшүп кеткен. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учак Кант авиабазасынан учуп чыгып, окуу-машыгуу учууларын жүргүзүп жаткан.

"31-март күнү саат 17:25 чамасында Су-25 учагы окуу-машыгуу учууларын аткарып жаткан учурда күтүүсүз жагдай катталган. Учак үчүнчү бурулушту жасаган учурунда эки даана окуу-тажрыйбалык ок-дары кокустан түшүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, алар бош талаага түшүп, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Окуядан кийин Россиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командачылыгы атайын комиссия түзүү чечимин кабыл алып, ал жакын арада Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстандын коргоо министринин чечими менен окуу-машыгуу учуулары окуянын себептери такталганга чейин убактылуу токтотулду.

Учурда Кыргызстандын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп, Аскер прокуратурасы окуя боюнча текшерүү баштаганы маалым болду.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча